ӨКМ: “Сосновка” жана “Арал” постторундагы оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынды
- 8 месяцев мурун
Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 8-мартта саат 10:15те алынды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
6-мартта Бишкек — Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында «Сосновка» жана «Арал» постторунда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




