ӨКМ: Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

  • 1 месяц мурун

Бишкек — Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу, Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 22:00дон тартып убактылуу чектөө киргизилген.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мындай чектөө кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынганы айтылды.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты