“Арал” өткөрмө бекети оор жүк ташуучу унааларга убактылуу жабылды
- 1 год мурун
Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 06:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бул Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында болгондугу белгиленди.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




