“Клооп” басылмасынын иши: Төртөө айыпталуучу катары өтүүдө
- 12 месяцев мурун
Бүгүн, 5-августта, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда “Клооп” басылмасынын иши боюнча сот отуруму өттү. Эми төрт киши айыпталуучу катары өтүүдө. Алар- мурдагы жана азыркы операторлор Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов, ошондой эле эки бухгалтер.
Сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу башаламандыкка шектелип жаткандарга айыпты угузду. Айыпталуучулар күнөөнү мойнуна ала турганын билдиришти.
Жактоочулар Александр Александровду үй камагына чыгарууну өтүндү, бирок өтүнүч канаттандырылган жок.
Кийинки соттук отурум 1-сентябрда саат 15:00дө өтмөкчү.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Клооптун” оператору Александр Александров менен мурдагы оператор Жоомарт Дуулатовду эки айга камоо чечимин чыгарган.
29-майда “Клооптун” дагы эки кызматкери – Абдил Төрөбаев менен Сымбат Баймурзаева кармалган. Алар журналисттердин чыгармачыл иши менен тиешеси жок экени айтылган. Сурактан кийин Абдил Төрөбаев бошотулган, ал эми Сымбат Баймурзаеваны “Клооптун” кеңсесине адвокаты жок алып барып, техника жана бухгалтердик документтерди УКМК кызматкерлери алып кетишкени маалым болгон.
«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы мурдагы кызматкер Зара Садыгалиева бошотулду. Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулганы маалымдалды.
28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке учак менен алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зара Сыдыгалиева да суракка чакырылган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Массалык тартипсиздикке чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башкы видео редактор А.А.Н. жана оператор монтажер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.
Сот “Клооп” басылмасынын бир нече кызматкеринин банк эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон.
Сүрөт: Эрнист Нурматов/ RF/ RL




