Бишкектин Махатма Ганди жана Апсамат Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер курулууда

Махатма Ганди (мурдагы Муромский) жана Апсамат Масалиев (мурдагы Чортеков) көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скверди куруу долбоорунун алкагында курулуш-монтаждоо иштери улантылууда. Подрядчы уюм — «Лидер Хаус» компаниясы.

Бүгүнкү күндө 3 700 чарчы метрден ашык аянттагы жердин үстүңкү катмары 25 сантиметр тереңдикте алынган. Аймакка топурак жеткирилип, тротуарлардын негизин даярдоо жана тыгыздоо иштери аткарылган. Ошондой эле 1 200 тротуар бордюру орнотулган.

Мындан тышкары, воркаут-зона жана балдар оюн аянтчасы үчүн негиздер даярдалып, В-2-2 үлгүсүндөгү 48 даана сугат лотогу орнотулган.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты