Клиникалык тез жардам ооруканасын Дамир Дүйшөнов жетектейт

  • 2 года мурун

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлө тургандыгына байланыштуу директорлук кызмат жоюлуп, Дамир Дүйшөнов башкы дарыгер болуп дайындалды.   

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Дамир Дүйшөнов 1978-жылы 12-апрелде Токмок шаарында туулган. 2002-жылы Кыргых мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетин бүтүргөн. 2002-2004-жылдары Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө инситутунун ординатурасында окуган.  

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жалган жалаа, негизсиз сөздөрдү таратып жатат деп айыптаган.

Сабырбек Жумабеков 3-февралда мындай деп билдирген:

«Министр буга чейин оорукана жөнүндө далилсиз сөздөрдү айтып келди, менин дарегиме дагы сөз тийгизди. Мен жолукканга аракет кылдым, бирок макул болгон жок. Бул мамлекеттик мекеме, эч кандай менин менчигим эмес».

Министр Бейшеналиев маектеринин биринде Сабырбек Жумабековду бул оорукананы менчиктештирип, тааныш-билиштерин, туугандарын жумушка орноштуруп алды деп айыптаган.

Сүрөттө: Дамир Дүйшөнов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты