Сабырбек Жумабеков кызматтан бошотулду. Анын ордуна Гулия Кожакматова дайындалды  

  • 2 года мурун

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Тез жардам клиникалык  ооруканасы болуп түзүлөт. Директор болуп иштеген профессор Сабырбек Жумабеков кызматтан бошотулуп, анын ордуна профессор Гулия Кожакматова директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Сабырбек Жумабеков кызматтан бошотулду. Анын ордуна Гулия Кожакматова дайындалды  

Бул тууралуу буйрукка саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кол койгонун бүгүн, 4-февралда, пресс-конференцияда билдирди.  

Дарылоо мекемесин эки айдын аралыгында кайра каттоодон өткөрүп, илим-изилдөө борборунун базасында көп тармактуу ооруканага айлантуу иш-аракети жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жалган жалаа, негизсиз сөздөрдү таратып жатат деп айыптаган.

Ал 3-февралда аталган медициналык жайда жыйын өткөрүп, министрдин өзү тууралуу айткандары боюнча комментарий берди.

«Министр буга чейин оорукана жөнүндө далилсиз сөздөрдү айтып келди, менин дарегиме дагы сөз тийгизди. Мен жолукканга аракет кылдым, бирок макул болгон жок. Бул мамлекеттик мекеме, эч кандай менин менчигим эмес» деп билдирген.

Буга чейин министр Бейшеналиев маектеринин биринде Сабырбек Жумабековду бул оорукананы менчиктештирип, тааныш-билиштерин, туугандарын жумушка орноштуруп алды деп айыптаган.

Баш сүрөттө: Сабыр Жумабеков жана министр Алымкадыр Бейшеналиев. Кийинки сүрөттө: Гулия Кожакматова. Интернет булактарынан.

    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты