Бейшеналиев vs Жумабеков. Кимисин колдойсуз?

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жалган жалаа, негизсиз сөздөрдү таратып жатат деп айыптады.

Ал 3-февралда аталган медициналык жайда жыйын өткөрүп, министрдин өзү тууралуу айткандары боюнча комментарий берди.

«Министр буга чейин оорукана жөнүндө далилсиз сөздөрдү айтып келди, кечээ күнү менин дарегиме дагы сөз тийгизди. Мен жолукканга аракет кылдым, бирок макул болгон жок. Бул мамлекеттик мекеме, эч кандай менин менчигим эмес», — деди.

Мындан тышкары ал бул жагдайга байланыштуу президентке кайрылып, кызматтан кеткенге даяр экенин, бирок борборду сактап калууга аракет кыларын билдирди.

Буга чейин министр Бейшеналиев маектеринин биринде Сабырбек Жумабековду бул оорукананы менчиктештирип, тааныш-билиштерин, туугандарын жумушка орноштуруп алды деп айыптаган.

«ПолитКлиника» медиасы окурмандар министр менен дарыгердин кимисин колдоруна кызыкты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты