Киевде түндө катуу жардыруу болду. Изюм шаарында снаряддан 8 киши көз жумду

  • 2 года мурун

Бейшембиге караган түнү Украинанын бир нече аймагында аба соккусу боло турганын эскерткен сиреналар жаңырды.

Орусия Киев, Харьков жана башка шаарларга сокку урду. Жергиликтүү булактар бомбалоо күчөгөнүн билдиришүүдө. Киевде түндө катуу жардыруулар болду.

Харьков облусуна караштуу Изюм шаарында снаряддан 8 киши каза тапты, арасында балдар да бар.

Бул тууралуу УНИАН агенттиги шаар администрациясынын башчысынын орун басары Владимир Мацокинге шилтеме берүү менен маалымдады.

Анын айтымында, снаряд Украин көчөсүндөгү үйгө тийген. Мацокин полиция имараты да чабуулга кабылганын, шаардын борборунда талкаланган имараттар бар экенин айтты. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.

Харьковдун өзүндө тарых жана архитектура эстелиги, чиркөө аткыланды. Храмдын ичиндегилер жабыркаган жок.

Кара деңиздин жээгиндеги Херсон шаарынын мэри Игорь Колыхаев орусиялык аскерлер борбордук райондорго жана көчөлөргө чейин жетип, жергиликтүү кеңештин имаратына кирип келишкенин билдирди. Бир күн мурун Орусия Коргоо министрлиги Херсонду басып алганын жарыялаган.

Британ коргоо министрлигине шилтеме берүү менен орусиялык күчтөр Авоз деңизине жакын Мариуполь шаарын курчап алганы кабарланууда.

Украина президенти Владимир Зеленский калкка жасаган кезектеги кайрылуусунда өлкө «Орусиялык баскынчыларга каршы ата мекендик согуш жүргүзүп жатканын» айтты. Зеленский украин күчтөрү каршылаш тараптын планын үзгүлтүккө учуратып, аны белгилүү бир деңгээлде алсырата алды деп эсептейт.

Бейшембиде беларус-украин чек арасына жакын жерде орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өтөт. Украина ок атууну дароо токтотууну жана орус армиясынын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылууда.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады.

Орусиянын коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597си жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.

Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын чукул жыйынында Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган резолюция көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Орусиядан согуштук аракеттерди токтотууну жана Украинанын эл аралык деңгээлде таанылган аймагынан, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралынан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылган документти уюмдун 141 мүчөсү колдоду. 35 өлкө, анын ичинде Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан добуш берүүдөн карманышты. Резолюцияга Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Эритерия каршы болду.

Сүрөт: ARP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты