Кыргызстан БУУда Орусия агрессиясын айыптаган резолюция боюнча добуш берүүдөн карманды

  • 2 года мурун

Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын чукул жыйынында Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган резолюция көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Орусиядан согуштук аракеттерди токтотууну жана Украинанын эл аралык деңгээлде таанылган аймагынан, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралынан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылган документти уюмдун 141 мүчөсү колдоду. 35 өлкө, анын ичинде Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан добуш берүүдөн карманышты. Резолюцияга Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Сирия жана Эритерия каршы болду.

БУУдагы добуш берүүдөн кийин Украинанын Президенти Владимир Зеленский резолюцияны колдогон өлкөлөргө ыраазычылык билдирди. «Биз тарыхтын туура тарабын тандап алдык» деп жазды ал Twitter’ге.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады.

Орусиянын коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597си жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты