Бишкектин Киев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

  • 2 месяца мурун

27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы буга чейин Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдаган.

Учурда ишкананын адистери тилкеде жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты.

Иштерди этап-этабы менен реконструкциялоонун алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Реконструкциялоо иштери инженердик коммуникацияларды жаңылоо жана алдыдагы 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилинде жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты