Киев жана Львовдон дагы 36 кыргызстандык эвакуацияланды
- 2 years мурун
Киев жана Львов шаарларынан дагы 36 кыргызстандык жаран Венгрияга эвакуацияланды.
Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идирис Фейсбук баракчасында билдирди.
-2-март Киев убактысы менен саат 13.00дө 25ге жакын жаранды коштоп, бүгүн, 3-мартта,
Львов шаарына жетип, бул жактан дагы жарандарыбызды алып, Венгрия өлкөсүнө баратабыз, -деп билдирди элчи.
Автобуста 36 жаран баратат.
Буга чейин Украинанын Киев шаарынан 107 кыргызстандык Венгрияга эвакуацияланды. Андан кийин Ирпин жана Борисполь шаарларындагы кыргызстандыктар чыгарылып кеткен.
Сүрөт: Социалдык тармактан.
Муну бөлүшүү