Кыргызстандын 107 жараны Украинадан Венгрияга эвакуацияланды

  • 2 года мурун

Украинанын Киев шаарынан 107 кыргызстандык Венгрияга эвакуацияланды. Алардын 34ү жашы жете элек балдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кабарлады.

Буга чейин элчи Киевде коменданттык саат киргендигине байланыштуу, эвакуация иштери 28-февралда башталарын билдирген.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты