Украинанын Ирпин жана Борисполь шаарындагы кыргызстандыктар эвакуацияланды

  • 2 года мурун

Украинанын Ирпин жана Борисполь шаарындагы кыргызстандыктар эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кабарлады.

«Бүгүнкү түн салыштырмалуу тынч өттү. Днепр дарыясынын чыгыш жээгинен (Борсполь шаары) жаш балалуу аялды алып чыга алдык. Ал азыр Польшага аман-эсен жетип алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Элчи мындан тышкары кечээ кагылышуу болгон Ирпин шаарынан 10 адамдан турган 2 үй-бүлө чыгып кеткенин, учурда алар коопсуз жерде экенин маалымдады.

Буга чейин Киевден 112 кыргыз жараны Венргияга эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты