Кемпир-Абад: Өзгөндө эл чогулаары айтылууда

  • 2 года мурун

Кемпир-Абад боюнча түзүлгөн протоколду ачыктоо, чек ара заставаларын кайтаруу талабы менен жарандык активисттерден, эл арасынан кайрылуулар түшүүдө.

Алсак, кечээ, 10-октябрда, Бишкек шаарынын Горький атындагы сейилбакта чогулгандар Кемпир-Абад боюнча түзүлгөн протоколду ачыктоо, чек ара заставаларын кайтаруу талабы менен кайрылуу жасашты. Анда 40 тай жарандык активист нааразылык акциясына чыкты. Митингде укук бузуу катталган эмес. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы да белгиледи.  

14-15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун аймагындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде эл топтолот деген сөздөр айтылып жатат.

Кечээ, 10-октябрда, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны  ачык өтөт деп жарыяланган. Бирок жыйынга депутаттарга жана журналисттерге чөнтөк телефон менен кирүүгө тыюу салышты. Депутат Мирлан Самыйкоэо парламенттин комитетинин бул жыйыны ачык өтүшү керектигин талап кылды.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда» Кабар» агенттигине маек берген учурунда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча жыйын ачык өтүшү керек экенин билдирген.

-Мен эми ачык эле айтайын. Чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары бизге өттү. Айылдарда болобу, тоолордо болобу же түз жерлерде болобу талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы биздин пайдабызга чечилди. Буга жетиш үчүн эмне деген гана сүйлөшүүлөр, эмне деген гана эмгектер жумшалбады. Сыр кылып турганыбыздын себеби, кол коюшуп мыйзамдаштырып алганга чейин айнып кетип бузулуп кетпесин деген элек. Эми бүгүн мен: «Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем» деген Президент Жапаров.

Депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюуга каршы пикирин айтты. Бул тууралуу ал 10-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Ал Өзбекстан буга чейин да бир катар убадаларын аткарбай койгонун айтты. Депутат Мадумаров УКМКнын жетекчисин эл өкүлдөрүн коркутпоого чакырды.

«Бул жерде сиз Өзбекстан менен болгон келишимди бузуп сүйлөгөндөрдү жазалагыла деп жатасыз. Мени жазалагыла. Мамлекеттик телеканалдардын, Регион ТВны чакырып, мени атып салгыла» деди Мадумаров.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Мадумаровго ордун бошотуп бере турганын белгиледи. «Көк-Серек, Ак-Таш, Унгар-Тоо тилкелери сыяктуу талаштуу тилкелердин баары бизге өттү. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин бердик, аны моюнга алабыз. Ошону да алып алсак жакшы болмок. Эми эки тараптуу келишим болгондон кийин алардын да бир шартына макул болушубуз керек да. Эгер мындан дагы артык келишим түзөм десе, Мадумаровго ордумду бошотуп берем. Комиссияны жетектеп барып сүйлөшсүн, бир жылдык убакыт берели» дейт Ташиев.

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайсы жерлер өткөнүн айтты.

Гавасай — 12 миң 949 гектар, Көк-Серек — 105 гектар, Баястан — 212 гектар, Унгар-Тоо — 35 гектар, Ак-Таш — 100 гектар, Кара-Белес — 25 гектар өттү.

Шарихан каналынын башы 19,5 гектары Өзбекстанга, калган 19,5 гектары Кыргызстандын Өзгөн районуна тиешелүү. Кошумчалай кетсек, 1000 гектар жер Сузак менен Өзгөн районунун ортосунда 500 гектарга бөлүнгөн – алар Кыргызстанга тиешелүү.

Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан толугу менен көзөмөлдөйт. «Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери калган. Бирок сууну 8 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт. Анын төртөө Кыргызстандан, төртөө Өзбекстандан. Кыргызстандыктар сууну ээн-эркин пайдалана алышат.

Баары биздин колго өтүп, жеңишке жетти дегенден алыспыз. 1 метр жерди дагы берген жокпуз» — деди Ташиев.

Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду.
Комитет жыйынында келишимдин долбооруна 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Сүрөт: Акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты