Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйын ачык болорун президент Садыр Жапаров кечээ, 9-октябрда маек берген учурда билдирген.

«Мен эми ачык эле айтайын. Чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары бизге өттү. Айылдарда болобу, тоолордо болобу же түз жерлерде болобу талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы биздин пайдабызга чечилди. Буга жетиш үчүн эмне деген гана сүйлөшүүлөр, эмне деген гана эмгектер жумшалбады. Сыр кылып турганыбыздын себеби, кол коюшуп мыйзамдаштырып алганга чейин айнып кетип бузулуп кетпесин деген элек. Эми бүгүн мен: «Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем», — деди президент.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты