Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча ЖК комитет жыйынына чөнтөк телефон, камера, ноутбук менен кирүүгө тыюу салынды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-октябрда, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Жогорку Кеңештин комитет жыйыны ачык өтөт деп жарыяланган. Бирок жыйынга депутаттарга жана журналисттерге чөнтөк телефон менен кирүүгө тыюу салышты.

Депутат Мирлан Самыйкожо мындай деп айтты:

-Булар Президенттин айткан сөзүнө каршы чыгышууда. Эмне себептен чөнтөк телефонду  алып кирүүгө мүмкүн эмес?-деди.

Жыйынга кирип бара жатып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйынды камерага тартууга, телефон менен кирүүгө тыюу салынат деп билдирди.

Жыйынга журналисттерге ноутбук, камера, чөнтөк телефон алып кирүүгө тыюу салышты, кагаз жана калемсап менен гана кирүүгө уруксат беришти.

Президент Садыр Жапаров кечээ, 9-октябрда, «Кабар» агенттигине маек берген учурда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча жыйын ачык өтүшү керек экенин билдирген.

-Мен эми ачык эле айтайын. Чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары бизге өттү. Айылдарда болобу, тоолордо болобу же түз жерлерде болобу, талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы биздин пайдабызга чечилди. Буга жетиш үчүн эмне деген гана сүйлөшүүлөр, эмне деген гана эмгектер жумшалбады. Сыр кылып турганыбыздын себеби, кол коюшуп мыйзамдаштырып алганга чейин айнып кетип, бузулуп кетпесин деген элек. Эми бүгүн мен: «Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем» деген Президент Жапаров.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты