Адахан Мадумаров Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюуга каршы пикирин айтты

  • 2 года мурун

Депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюуга каршы пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Ал Өзбекстан буга чейин да бир катар убадаларын аткарбай койгонун айтты. Депутат Мадумаров УКМКнын жетекчисин эл өкүлдөрүн коркутпоого чакырды. «Бул жерде сиз Өзбекстан менен болгон келишимди бузуп сүйлөгөндөрдү жазалагыла деп жатасыз. Мени жазалагыла. Мамлекеттик телеканалдардын, Регион ТВны чакырып, мени атып салгыла«, — деди ал.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Мадумаровго ордун бошотуп бере турганын белгиледи. «Көк-Серек, Ак-Таш, Унгар-Тоо тилкелери сыяктуу талаштуу тилкелердин баары бизге өттү. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин бердик, аны моюнга алабыз. Ошону да алып алсак жакшы болмок. Эми эки тараптуу келишим болгондон кийин алардын да бир шартына макул болушубуз керек да. Эгер мындан дагы артык келишим түзөм десе, Мадумаровго ордумду бошотуп берем. Комиссияны жетектеп барып сүйлөшсүн, бир жылдык убакыт берели«, — дейт Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты