Кемпир-Абад иши: Жактоочу экспертизаларды жараксыз далил деп табуу боюнча өтүнүч келтирилгенин айтты (Видео)

  • 1 год мурун

Бүгүн, 26-июнда, Кемпир-Абад иши боюнча соттогу иш улантылды.

Жактоочу Кантемир Турдалиев Кемпир-Абад иши боюнча жактоочулар андагы экспертиазаларды жараксыз деп табуу боюнча өтүнүч келтиргенин билдирди.  

Бүгүн, 26-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын соттук отуруму өтүүдө.

22-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын ишин сотто алдын ала кароо башталды.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан. Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган.

Кемпир-Абад иши боюнча бир катар көрүнүктүү саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана активисттер: Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Айданбек Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, Эрлан Бекчороевге жана башка 27 адамга айып тагылууда.  

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты