Кемпир-Абад иши: Сотко активист Токтонасыровду плакаты менен киргизбей коюшту

Бүгүн, 26-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын соттук отуруму өтүүдө.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров сотко айыпталуучуларды колдоо иретинде «Боштондук!» деген жазууларын алып келген. Активистти плакаты менен соттун имаратына киргизбей, жазууларды алып коюшту.

 «Мени соттун имаратына плакаттарым менен киргизбей коюшту. Анан колума «боштондук!» деп жазып алдым. Кемпир-Абад боюнча кармалгандарга боштондук» деди жарандык активист Токтонасыров.

22-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын ишин сотто алдын ала кароо башталды.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан. Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган.

Кемпир-Абад иши боюнча бир катар көрүнүктүү саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана активисттер: Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Айданбек Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, Эрлан Бекчороевге жана башка 27 адамга айып тагылууда.  

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты