Кемпир-Абад иши: Улукбек Маматаев операция болду

  • 1 год мурун

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган активист Улукбек Маматаев оор абалда ооруканага түшүп, операция болгон. Операция жасалгандан кийин абалы оор бойдон. Бул тууралуу анын туугандары «Кактус медиага» билдирген

Активист Маматаевдин адвокаты Асел Аргымбаеванын «Азаттыкка» айтканы боюнча, Улукбек Маматаев ооруканада операция болгон, абалы оор жана азырынча ооруканада, реанимацияда болот.

Былтыр 23-октябрда адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. жана бөгөт чарасы улам узартылып калууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

Сүрөттө: Улукбек Маматаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты