СИЗО-1деги камактагы киши ооруканадан көз жумган

  • 2 месяца мурун

Бишкекте СИЗО-1 абак жайында камалып жаткан киши, ооруканага жеткирилип, көз жумган. Муну жаза аткаруу кызматы да тастыктады.

Маалыматта З.М. аттуу жаранга 2024-жылы 8-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу чечими чыгарылып, СИЗО-1ге камакка алынгандыгы айтылат. Ал 17-мартта ооруп, Мамакеев атындагы хирургия борборуна жеткирилген. Ага цирроз, боор дартынын онкологиялык жагына өтүшүп кеткени, порталдык гипертензия диагнозу коюлуп, операция жасалган. Бирок жасалган аракеттерге карабастан, 28-мартта ооруканада көз жумгандыгы айтылат.  

Сүрөттө: СИЗО-1 абак жайы. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты