Бишкек шаарынын фастфуд саткан жайларынын биринде жапырт уулануу катталды
- 4 недели мурун
Бишкек шаарында фастфуд саткан коомдук тамактануу жайларынын биринде массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жалпы 17 жабырлануучу кайрылган. Алардын 13ү ооруканага жаткырылды (4 бала, 9 чоң киши).
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин маалыматына ылайык, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда, алар дарыланууда. Анализдер алынган, ал эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Уулангандар 15-январда ар кандай убактарда жардам сурап, медициналк мекемелерге кайрылган. Аларын бардыгы коомдук тамактануу жайларынан шаурма жегенин билдирген.
Фастфуд саткан жайга жалпы суммасы 41 миң сомго айып салынып, 15-январдан баштап жабылды.
Иликтөө иштери улантылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




