Кемпир-Абад иши: Саясий туткундарга – боштондук!  Колдоо митинги өтүп жатат (Видео)  

Бүгүн, 9-ноябрда, Бишкек шаардык сотунун алдында “Саясий туткундарга-боштондук берилсин!” деп талап кылган митинг өтүп жатат.

Абакта кармалып жаткан Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай, бүгүнкү саясий негиз менен камалгандарга, анын ичинде Айбек Бузурманкуловго боштондук берилишин талап кылды.

Токтогул шаарынын Болотбек аттуу жаран Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясий туткундар бошотулушун талап кылып келишкендигин билидришти.

Митингге чыккандар “Саясий туткундарга -боштондук!”, “Сот адилеттүү чечим кабыл алсын!”, “Айбек мырзага – боштондук!” , “Кемпир-Абад -Кыргызстандыкы”, “Бүгүнкү болуп жаткандар-мыйзамсыз” деп ураан чакырып турушат.   

Ушул тапта Айбек Бузурманкуловдун кармалышынын мыйзамдуулугу шаарлык сотто каралат. Буга чейин шаардык сот «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, жарандык активист Али Шабдандын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Ал эми Гүлнара Журабаеваны, Али ШабдандыТаалай Мадеминовду жана Атай Бейшенбекти камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

«ПолитКлиника» медиасы соттон түз эфир уюштуруп жатат.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты