Кемпир-Абад иши: Кубанычбек Кадыров үй камагына чыгарылды

  • 1 месяц мурун

Кемпир-Абад иши боюнча сот отурумунда сот Кубанычбек Кадыровдун бөгөт чарасын үй камагына чыгаруу чечимине алмаштырды.

Ал эми калган тогуз айыпталуучу соттун чечими менен  24-майга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу адвокат Эркин Сааданбеков 24.kg агенттигине билдирди.

Ушул жылдын февраль айында Бектур Асанов үй камагына чыгарылган. Андан кийин ага чет өлкөгө дарыланууга уруксат берилген.

2022-жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Кармалган 27 кишинин тогузу тергөө абагында отурат.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Сүрөт: RF/RL

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты