Кемпир-Абад иши: Бектур Асанов үй камагына чыгарылды. Калгандары камакта калды (Видео)

Бүгүн, 7-февралда, Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын баш коргоо чарасы каралды.

Бул тууралуу «ПолитКлиниканын» кабарчысы сот жараянынан кийин кабарлады.

Бишкек шаардык сотуна Айбек Бузурманкулов алынып келинбеди. Шаардык соттун чечими менен Бектур Асановду эч жакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгаруу чечими чыкты. Бектур Асановдун ден соолугу оор болуп жатканын адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди. Калгандары камакта калтырылды.

2022-жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2023-жылы 4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын баш коргоо чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга, 4-декабрга чейин узарткан.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты