Саясатчы Бектур Асановго чет жакта дарыланууга уруксат берилди

  • 2 месяца мурун

Саясатчы Бектур Асановго чет жакта дарыланууга уруксат берилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага 19-мартка чейин чет жактан дарыланууга уруксат берилди.

Эске салсак, февраль айында Бектур Асанов үй камагына чыгарылган.

2022-жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2023-жылы 4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын баш коргоо чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга, 4-декабрга чейин узарткан.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты