Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулованын адвокаты судьяны алмаштырууну өтүндү  

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-ноябрда, шаардык сотто Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча соттук иште адвокат Чынара Жакупбекова судья Нургүл Илиязованы алмаштырууну өтүндү. Себеби Сооронкулова Конституциялык сотто иштегенде, судья Илиязова анын карамагында иштеген жана алардын мамилеси жакшы эмес болгон.

Сооронкулова судья өзү эле бул иштен баш тартса болмок деп, жактоочунун пикирин туура тапты. Соттор кеңешкени кетти.

Буга чейин 9-ноябрда Гүлнара Журабаеваны, Али ШабдандыТаалай Мадеминовду жана Атай Бейшенбекти  жана Айбек Бузурманкуловду камакта калтыруу чечимин кабыл алган. Бүгүн дагы Кубанычбек Кадыров, Нурлан Асанбековдун баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты