Кемпир-Абад иши: Гүлнара Журабаева менен Клара Сооронкулова 20-апрелге чейин камакта калтырылды

  • 1 год мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган Гүлнара Журабаева менен Клара Сооронкулованын бөгөт чарасын карап, аларды 20-апрелге чейин камакта калтырды.

Ал эми саламаттыгына байланыштуу бир нече күн мурда ооруканага жаткырылган Перизат Суранованын бөгөт чарасын сырттан карап, аны үй камагына чыгарды. Сот чечимине ылайык, Суранова 20-апрелге чейин үй камагында болот.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда аталган иш боюнча кармалган Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын бөгөт чарасы каралып, алар дагы 20-апрелге чейин абакта калтырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты