Кемпир-Абад иши: Азиза Абдирасулова соттун ачык болушун талап кылууну сунуштады  

  • 2 месяца мурун

Кемпир-Абад иши боюнча адвокаттардын сотту ачык өткөрүү боюнча сотко берген өтүнүч каты канаттандыруусуз калыптыр. Буга байланыштуу ккук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад иши боюнча соттун ачык өтүшүн талап кылып, Фейсбук баракчасына ачык кат жазды.

Кемпир-Абад боюнча камалгандар канчалык денгээлде мамлекетке каршы болуп, бийликти басып алууга аракет жасашканын мен билгим келет. Эгерде, алардын кылмышы ачык сотто далилденсе, аларга карата эч кандай кечирим болбош керек. Бирок, камалгандардын күнөөсу ачык сотто далилденсин, -деди Азиза Абдирасулова.  

Бүгүн, 14-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сотто ызы-чуу чыкты. Айыпталуучулар соттун аракетине нааразылык билдирип, коштоп жүргөн аскерлер менен түртүштү.

Илгиз Шаменовдун адвокаты ооруп сотко келе албай калган, дагы бир жабырлануучу келген эмес, «Адвокат жок болгондуктан ишти каралбасын, мыйзамсыз десек, сот Марат Сыдыков адвокаты жок эле ишти карайбыз» деп чечим чыгарды. Анын чечимине макул болбосок, бизге күч колдонушту, себеби адвокат жок иш кароо мүмкүн эмес, бул мыйзамсыз» деди Илгиз Шаменов.

Ызы-чуудан кийин соттук отурумда тыныгуу жарыяланды.

31-январдагы отурум да болбой калган. Анда саясатчы Бектур Асановдун Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде жатканы жана үй камагындагы эки адамдын ооруп калганы негиз болгон.

7-февралда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын баш коргоо чарасы каралды.

2022-жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2023-жылы 4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын баш коргоо чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга, 4-декабрга чейин узарткан.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты