Азиза Абдирасулова сурак бергенин жана соцтармакта жазганын өчүрүүгө мажбур болгонун билдирди

  • 4 недели мурун

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары сурак берип чыкты. Абдирасулова кылмыш ишинде күбө катары, өзүнүн Фейсбукта жазган посту боюнча сурак берди.  

Бул тууралуу укук коргоочу “Азаттыкка” билдирди.

 «Фейсбуктагы зектер тууралуу жазган постум боюнча күбө катары сурак бердим. Тергөөчү менден бул постумду өчүрүшүмдү талап кылды. Себеби ал постту 300дөй киши жактырып, жүздөй киши түрдүү пикир калтырган экен. Эми ошол пикир калтыргандарды да милиция издеп жатыптыр, алар дагы суракка чакырылат деди. Ошондуктан, посттун алдына калтырган пикири үчүн мекендештерим доого жыгылып кетишин каалабадым. Азыр үйгө жетип, анан постту өчүрүүгө мажбурмун» деди укук коргоочу “Азаттыкка”.  

Буга чейин Азиза Абдирасулованы Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө суракка алып кеткенин кызы Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармакта билдирген.

Азиза Абдирасулованын айтымында, ага жакындарын киргизген. Кан басымы жогорулап, «Тез жардам» чакырылып, дарыгерлер тарабынан дары бергенден кийин, сурак улантылган.

Буга чейин активист Мавлян Аскарбеков кармалган. Ага кастыкты козутуу беренеси боюнча айып коюлуп, эки айга камакка алынды. Аскарбеков кытайлар көбөйүп кеткенин социалдык тармакта билдирген.

“Айрым блогерлер, оппозиция өкүлдөрү же популист саясатчылар “каптап кетти, жайнап кетти” деп, тоскоолдук жаратып жатышат. Ушундайларга чекит коюп, кескин токтотушубуз керек” Бул тууралуу Садыр Жапаров Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата темир жол курулушуна мезгил кутусун салуу учурунда 14-июнда билдирди.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова беш ай мурда Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Сыйлык Страсбург шаарында тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу салтанатында Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе Абдирасулованын тобокелдикке карабай адам укуктарын коргоп келатканын белгиледи. Азиза Абдирасулова негиздеген “Кылым шамы” уюму адам укуктарын бузуу учурларын ашкерелегенин, жапа чеккендерге укуктук жардам бергенин, өлкөнүн ичинде жана сыртында таанылганын кошумчалады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты