Экология министрлигинин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды  

  • 1 месяц мурун

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери пара талап кылуу фактысы боюнча коррупциялык схема уюштурууга шектелүүдө.

13-майда кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси, пара  талап кылуу боюнча каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экологиялык экспертизанын оң корутундусун берүү үчүн өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери— 1965-жылы туулган О.М.К. жана 1992-жылы туулган Д.О.М. өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалды

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча кармалган О.М.К. УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми Д.О.М. өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулду.

Экология министрлигинин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды  

Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты