Кемпир-Абад боюнча курултайга катышкан эки адам милицияга чакыртылганы маалым болду

  • 2 года мурун

Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну 18-октябрда райондук милицияда суракта болгонун “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургун Акжол Шадманов билдирди.

Анын айтымында, 59 жана 63 жаштагы эки айылдашын Өзгөн райондук милициясына “Вотсапта” ачылган ачык тайпада жазылган пикирлерге байланыштуу алып кетишкен:

“Вотсаптан кечээ ачык тайпа ачышкан экен. Анда 500-600 киши болуп кетиптир. Ар ким ар кандай пикирин жазган экен ал жакка. Курултай өтсө эле болду дебестен дагы чыгышыбыз керек, элдин үнүн жеткиришибиз керек деген чакырыктар жасалыптыр. Тайпаны ачкан ошол киши жана дагы бир-эки админстратор бар экен. «Чакырык таштап жатасыңар, жол тособуз дептирсиңер» деп алып барып сурак кылышыптыр. Айылдын жаштары 50-60 бала чогулуп барып чыгарып келдик”.

Милиция бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Бүгүн милицияда болгон эки тургун да ал курултайда болгон.

Суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айткандар Кызыл-Октябрь айылында былтыртан бери нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Мадумаровго ордун бошотуп бере турганын белгиледи. «Көк-Серек, Ак-Таш, Унгар-Тоо тилкелери сыяктуу талаштуу тилкелердин баары бизге өттү. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин бердик, аны моюнга алабыз. Ошону да алып алсак жакшы болмок. Эми эки тараптуу келишим болгондон кийин алардын да бир шартына макул болушубуз керек да. Эгер мындан дагы артык келишим түзөм десе, Мадумаровго ордумду бошотуп берем. Комиссияны жетектеп барып сүйлөшсүн, бир жылдык убакыт берели» дейт Ташиев.

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайсы жерлер өткөнүн айтты.

Гавасай — 12 миң 949 гектар, Көк-Серек — 105 гектар, Баястан — 212 гектар, Унгар-Тоо — 35 гектар, Ак-Таш — 100 гектар, Кара-Белес — 25 гектар өттү.

Шарихан каналынын башы 19,5 гектары Өзбекстанга, калган 19,5 гектары Кыргызстандын Өзгөн районуна тиешелүү. Кошумчалай кетсек, 1000 гектар жер Сузак менен Өзгөн районунун ортосунда 500 гектарга бөлүнгөн – алар Кыргызстанга тиешелүү.

Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан толугу менен көзөмөлдөйт. «Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери калган. Бирок сууну 8 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт. Анын төртөө Кыргызстандан, төртөө Өзбекстандан. Кыргызстандыктар сууну ээн-эркин пайдалана алышат.

Баары биздин колго өтүп, жеңишке жетти дегенден алыспыз. 1 метр жерди дагы берген жокпуз» — деди Ташиев.

Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты