«Кечээ диктатура, бүгүн демократия болуп калыптыр». Сурабалдиева ЖК комитет төрагаларынын орун басарларын шайлоо тууралуу    

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 18-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары өз ишин улантууда. Бүгүн комитет төрагаларынын орун басарлары шайланууда.

Депутат Элвира Сурабалдиева «кечээ диктатура, бүгүн демократия болуп калыптыр» деп, комитет төрагаларынын орун басарлары деле кечээкидей шайлана берсин деген оюн билдирди.

-Кечээ комитет төрагаларын, орун басарларын, төраганы альтернативасыз шайлап бердик. Бүгүн комитеттердин орун басарларын шайлоо коюпсуздар. Кечээ диктатура, бүгүн демократия болуп калыптыр. Талапкерлердин, депутаттардын ортосунда ызы-чуу чыгарбай, альтернативасыз эле талапкерлерди белгилеп коюуңуздарды суранат элем. Биз сүйлөшкүчө бул жакта ызы-чуу болуп жатат,-деди Сурабалдиева.

Элвира Сурабалдиева бул жакта бөлүнүп, туура эмес болуп жатканын билдирди.

-Комитеттердин төрагаларын шайлап жатканда, вицелерди шайлап жатканда сураган жоксуздар, төраганы сунуштап жатканда бир дагы альтернативалуу талапкерлерди чыгарттырган жоксуздар. Жаңы келген депутаттардын да ой-пикирлери бар да. Же кайрадан бардыгын альтернативалуу кылалы, же кечээкини улантып, ызы-чуу чыгарттырбай, маданияттуу бүтүргүлө. Туура эмес болуп жатат,- деди депутат Сурабалдиева.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу депутат Сурабалдиеваны “акыркы чечим менен таанышкан жоксуз, сиз фракция же депутаттык топтун мүчөсү эмессиз, фракция лидерлери менен чечтик, ызы-чуусуз кечээкидей болуп бүтөт” деди.

-Бул жерде түндүк-түштүк деген маселе болбошу керек. Бул маселени көтөргөндүн өзүнүн жоопкерчилиги бар. Мындай сөздөр парламенттин трибунасынан мындан кийин айтылбаш керек. Бул жерде эч кандай бөлүнүү жок,-деди Тургунбек уулу.

Эльвира Сурабалдиева төраганы коркутпоого чакырды.  

Андан кийин сөз алган депутаттар Үмбөталы Кыдыралиев, Бурун Аманова, Жанарбек Акаев аймактык бөлүнүү жок, альтарнативалууну каалаган депутаттар өз талапкерлигин койсо болмоктугун билдирди.

Кечээ, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы ачылды.

«Элдик» депутаттык тобу Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматына депутат Чыңгыз Ажибаев, «Адилет Кыргызстан» депутаттык тобунан Жылдыз Таалайбек кызы жана «Мекенчил» депутаттык тобунан Карим Ханжезаны шайлады.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп, «Ата журт» депутаттык тобунан депутат Нурланбек Тургунбек уулу шайланды.

17-декабрда ошондой эле Жогорку Кеңештин тармактык комитеттердин төрагалары шайланды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты