Депутат таттууларга ийне кошуп, балдарга тараткан окуяны териштирүүнү өтүндү
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 1-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева конфетке ийне кошуп, жаш балдарга тараткан киши тууралуу жаңылыкты териштирип чыгууну суранды.
-Бүгүн эртең менен жаңылыктардан кызыктай маалыматтар келип жатат, балдарга таттуу конфеттерди таратып, ичине ийне салды деп. Мен массалык маалымат каражаттарын түшүнөм, жаңылыктар боюнча. Бул киши оорукчан экени анык болуш керек. Акыркы 30 жылда психоневрологиялык, менталдык оорулары бар адамдар боюнча, жалпы саламаттык сактоо системасында кандай реформаларды кылып, улам-улам кыскартып жатып, аягында ушундай адамдарды көзөмөлгө ала турган органдарыбыз эмне кылып жатышат? Акыркы 30 жыл эмес, макул, акыркы беш жылда реформа кылып жатабыз, улам жетекчилер алмашып жатат. Психотерапевттер, ооруканаларыбыз бар, ушулардын баарынын учету каякта, ким көзөмөлгө алып жатат? Ошол боюнча биздин социалдык комитетибиз бар, ошонун алкагында караштырып, протоколдук тапшырма бериңиздерчи. Саламаттык сактоо министри бир отчет берип. Ушундай адамдардын баарын камай берсек, булар өзүнүн жүрүм-турумуна жооп бере албаган адамдар болуш керек деп ойлойм. Бирок мен билбейм, укук коргоо органдары карашат болушу керек. Бирок муну ооруканалар, саламаттык сактоо системасынын ичиндеги реформалардын начар жыйынтыгы деп эсептейм. Ата-энелер чалып жатышат парламент көзөмөлгө алып койгула деп, -деди Элвира Сурабалдиева.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын «Ак-Ордо» конушунун тургуну Б.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын 2015 жылы туулган кызы жана башка балдар белгисиз жарандан алган конфеттердин ичинен ийне табылганын билдирген. Аталган фактынын негизинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертиза дайындалган. Шектүү кармалган.
Сүрөттө: Элвира Сурабалдиева. kenesh.kg




