ЖК комитеттери республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун колдоду

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 23-декабрда, Жогорку Кеңештин (ЖК) комитеттеринин биргелешкен жыйынында республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору каралды жана үч окууда жактырылды.  Биргелешкен жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү окууда киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралды.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору үч окууда жактырылды.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету да колдоого ээ болду.

2024-жылга консолидацияланган бюджети 2023-жылга салыштырмалуу 112,1 миллиард сомго көбөйүү менен 689,3 миллиард сомго аткарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев парламенттин комитеттеринин биргелешкен жыйынында мыйзам долбоорлорун кароо учурунда билдирди.

Жылдын жыйынтыгында бюджет 34,3 миллиард сомго профицит менен аткарылды, Ал кошумчалагандай, республикалык бюджеттин кирешеси 417,5 миллиард сомду түздү. Кирешенин негизги булагы салыктык түшүүлөр болуп, 192,6 млрд сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 38 млрд сомго көп болду.

“Бажы кызматы 123,1 млрд сом чогултуп, 11,6 млрд сомго көбөйгөн. Бюджеттин чыгашалары 383,2 млрд сомду түзүп, артыкчылыктуу социалдык секторго берилди”, — деди МинКаб Торагасы.

Ал белгилегендей, 2024-жылы социалдык тармакка 175,3 миллиард сом бөлүнгөн, бул мамлекеттик чыгымдардын негизги багыты. Каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
— билим берүү – 70,5 млрд сом;
— саламаттыкты сактоо – 34,9 млрд сом;
— социалдык коргоо – 61,1 млрд сом;
— маданият жана спорт – 8,8 млрд. 

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты