Парламенттин тармактык комитеттеринин төрагалары шайланды
- 6 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын шайлоо маселесин карашты.
Жашыруун добуш берүүдө Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагалары болуп шайланды:
— Курманкул Зулушев- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
— Элдар Сулайманов- эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
— Бакыт Тентишев — Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
— Токтобүбү Ашымбаева -илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
— Кубанычбек Конгантиев-өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
— Алтынбек Кудайбердиев- финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
— Болотбек Борбиев — сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
— Гүлсүнкан Жунушалиева — Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Сүрөт: kenesh.kg




