Ажибаев, Таалайбек кызы жана Ханжеза ЖК төрагасынын орун басарлары болуп шайланды
- 3 месяца мурун
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 17-декабрдагы жыйында Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басарын жана эки орун басарын шайлоо маселесин карады.
Анда «Элдик» депутаттык тобу Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматына депутат Чыңгыз Ажибаев, «Адилет Кыргызстан» депутаттык тобунан Жылдыз Таалайбек кызы жана «Мекенчил» депутаттык тобунан Карим Ханжезаны шайлады.
Мунун алдында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп, «Ата журт» депутаттык тобунан депутат Нурланбек Тургунбек уулу шайланды.
Бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы ачылды. Сессияны жашы улуу депутат катары Машрапова Гүлай ачты. Сессияга президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) өкүлдөрү катышты. Президент Садыр Жапаров VIII чакырылыштын депутаттардын алдында сөз сүйлөдү.
10-декабрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын бекитти. Ага ылайык, БШК 30 көп мандаттуу округда шайлоо өткөнүн таанып, шайлоонун жыйынтыктарына ылайык, 29 көп мандаттуу округдан 87 талапкердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.
Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгын мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарды.
3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо (БШК) №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланды.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
Сүрөт: kenesh.kg




