Кечеде алып баруучуларды микрофон менен урган активист милицияга жеткирилди

  • 2 месяца мурун

Кечеде микрофон менен алып баруучуларды урган активист Илимбек Исраилов Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилгенин милиция кабарлады.

Илимбек Исраилов укук бузуулар жөнүндө кодексинин “Майда бейбаштык” беренесине ылайык административдик камакка алынып, сот чечимине чейин убактылуу камерада кармалат.

Социалдык тармактарда тараган видеодо Facebook party кечесинде ачык түстөгү костюм-шым, калпак кийген киши алып баруучу жигитти, андан кийин алып баруучу кызды урганы көрүнөт, андан кийин чатак чыгарган кишинин өзүн жерге жыгышкан.

Чатак чыгарган киши ошол кеченин уюштуруучусу, активист Илимбек Исраилов болуп чыкты. Ал социалдык тармактарда тараган видеого тартылган кылык-жоругу үчүн алып баруучулардан, кеченин катышуучуларынан жана башкалардан кечирим сурады.

Маалыматка караганда, бул окуя “Алтын Арашан” ресторанында 22-декабрда Facebook party кечесинде болгон. Активист Илимбек Исраилов  2022-жылы “Азаттык”, “Кактус медиа” “Клооп” басылмаларына каршы митингдеринин уюштуруучусу болгону белгилүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты