Кечеде микрофон менен алып баруучуларды урган активист кечирим сурады
- 3 месяца мурун
Социалдык тармактарда тараган видеодо Facebook party кечесинде ачык түстөгү костюм-шым, калпак кийген киши алып баруучу жигитти, андан кийин алып баруучу кызды урганы көрүнөт, андан кийин чатак чыгарган кишинин өзүн жерге жыгышкан.
Чатак чыгарган киши ошол кеченин уюштуруучусу, активист Илимбек Исраилов болуп чыкты. Ал социалдык тармактарда тараган видеого тартылган кылык-жоругу үчүн алып баруучулардан, кеченин катышуучуларынан жана башкалардан кечирим сурады.
“Тарап жаткан видео боюнча жалпы журттан жана Патиге келген коноктордон кечирим сурайм. Бул жосун-кылыгым ооба туура эмес, толугу менен мойнума алам жана өкүнөм. А алып баруучулардан тизе бүгүп, кечирим сурап, алдынан өттүм, урматтуу калың журт! «Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк » болбойт, ооба мындай жоосун кылыктар болбошу зарыл, мени кечирип коюңуздар, сураныч” деди ал.
Маалыматка караганда, бул окуя “Алтын Арашан” ресторанында 22-декабрда Facebook party кечесинде болгон.
Активист Илимбек Исраилов 2022-жылы “Азаттык”, “Кактус медиа” “Клооп” басылмаларына каршы митингдеринин уюштуруучусу болгону белгилүү.
Сүрөт: Видеодон