Казакстандагы Январь окуясында Викрам Рузахуновду кыйноого алгандар соттолду

  • 2 месяца мурун

17-январда Алматы облусунун Карасай райондук сотунда 2022-жылы Казакстанда болуп өткөн кандуу январь окуясындагы массалык кыйноолор боюнча соттук процесс аяктады. Сот кыйноого алган 6 мурдагы милиция кызматкерине өкүм чыгарды. Бул тууралуу кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов өзүнүн Фейсбук баракчасында кабарлап, видео жарыялады.

Маалыматка ылайык, казак соту 6 айыпталуучуну тең үч жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле 44 арыздануучунун ичинен бир канча жабырлануучунун моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптарын жарым-жартылай канааттандырган чечим чыгарган.

«Бирок, сот адилеттигин сыйлоонун ордуна кайра коркутууга күбө болдук. Карасай райондук сотунун имаратынын алдына Карасай РИИБдин ондогон кызматкерлери чогулуп, жабырлануучуларга жана алардын жактоочуларына кысым көрсөтүү атмосферасын түзүштү. Ал эми кабыл алуу бөлмөсүнө түз алып берүү үчүн чоң телевизор орнотушкан.
Бул процесс адилеттүүлүккө карай жасалган кичинекей гана кадам жана тилекке каршы, системанын тынымсыз каршылыгына карабай Казакстанда адам укуктары үчүн күрөш уланып жатканын дагы бир жолу көрсөттү»,- деп билдирди ал.

Ошондой эле Рузахунов эл аралык укук коргоочулар жабырлануучулардын иштерине байкоо жүргүзүүнү улантып, алардын укуктарын толук калыбына келтирүүгө умтулууга убада беришкенин айтты.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Казакстанда болуп өткөн январь окуясында тергөө абагында кыйноого кабылган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Казакстандын милициясын сотко бергени айтылган. Бул тууралуу 2024-жылдын 13-декабрында казакстандык Ulysmedia.kz. редакциясы жазып чыккан.

Анда Викрам Рузахунов Казакстандын Алматы облусунун Карасай райондук сотуна аны кыйноого алган экс-милиция кызматкерлерине каршы материалдык жана моралдык компенсация катары 61 миллион теңге өлчөмүндө жарандык доо арыз менен кайрылганы маалымдалган.

Эске салсак, 2022-жылдын 9-январында «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан.

Видео Интернетке тараган соң андагы сүйлөп жаткан жигит кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда Алматыга учуп барганын, авиабилетти 16-декабрда эле сатып алган маалымдаган.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөткөн. Анда пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп, күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги жазылган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты