Викрам Рузахунов Казакстандын милициясын сотко берди

  • 2 года мурун

2022-жылы Казакстанда болуп өткөн январь окуясында тергөө абагында кыйноого кабылган Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Казакстандын милициясын сотко берди. Бул тууралуу казакстандык Ulysmedia.kz. редакциясы жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, учурда Казакстандын Алматы облусунун Карасай райондук сотунда январь окуясындагы кыйноо фактысы боюнча милиция кызматкерлерине каршы иш каралууда.

«Журналист Данияр Молдабековдун айтымында, кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов материалдык жана моралдык компенсация катары 61 миллион теңге өлчөмүндө жарандык доо арыз менен кайрылган»,- деп айтылат маалыматта.

Аты аталган журналист бул боюнча мындай маалымат берген: «Ал Кантар (ред. Казакстандагы Январь окуясы) учурундагы кыйноолор боюнча соттолуп жаткан алты экс-милиционердин ага материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруп берүүсүн каалайт, — деди анын адвокаты Елена Жигаленок жаңы эле сот залында».

Эске салсак, 2022-жылдын 9-январында «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан.

Видео Интернетке тараган соң андагы сүйлөп жаткан жигит ыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда Алматыга учуп барганын, авиабилетти 16-декабрда эле сатып алган маалымдаган.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөткөн. Анда пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп, күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги жазылган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты