Казакстанда январь окуясын иликтөө комиссия жетекчиси кыйноо көбөйгөнүн кабарлады

  • 2 года мурун

Казакстанда январь окуясын иликтөө боюнча “Акыйкат” коомдук комиссиясынын төрайымы, адвокат Айман Омарова бул окуядан кийин кыйноо көбөйгөнүн айтууда.

Адвокат Tengrinews сайтына берген интервьюсунда «Жөнөкөй күндөрдө мындай иш көп эмес, ошондуктан кыйноо кандай болору анча байкалбайт. Бул жолу жапырт болуп жатат» деди.

Жакында казак бийлиги январда ашкере күч колдонуу, мыйзамсыз камоо, тергөө учурунда кыйноо колдонулган учурлар болгонун мойнуна алган.

4-февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы тергөө учурундагы мыйзамсыз ыкмалар боюнча 148 арыз түшкөнүн кабарлаган. Кеминде 105 факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Январь окуясына байланыштуу 10 миңдей адам кармалып, жүздөгөн киши камалган. Расмий маалымат боюнча 227 киши набыт болгон.

5-январда Казакстандын чыгышы менен түштүгүндөгү нааразылык акциялар кан төгүү менен аяктаган.

Атайын кызмат Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганы аныкталганын билдирген. Анын ичинде музыкант Викрам Рузахуновду кыргыз коомчулугунун нааразылыгынан кийин бошотулган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты