Казакстанда соттолгон Эрмек Маркабаев Кыргызстанга которулду  

  • 2 месяца мурун

Алматы шаарындагы “Алтын Ордо” базарынын аткаруучу директору, Казакстанда төрт жылга соттолгон кыргызстандык Эрмек Маркабаев Кыргызстанга которулду.

Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымат тарап, ЖМКга анын уулу да тастыктады.  

Маркабаев 2023-жылы 2-июнда кармалган. Казакстандын Карасай райондук соту Эрмек Маркабаевди быйыл 5-февралда төрт жылга эркинен ажыраткан.

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү полицияга таянып Маркабаевди жана анын айдоочусу менен жансакчысын Алматы–Бишкек автожолунан былтыр 2-июнда кармашканын жазышкан.

Буга чейин Акыйкатчы институтуна Эрмек Маркабаевдин Жылдыз аттуу жакыны кайрылып, ал бир тууганынын укугун коргоону жана аны Мекенге кайтарып келүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Жактоочу берген маалыматка таянсак, Эрмек Маркабаевди Казакстандын мыйзамдарын  бузуу менен кармашкан. Социалдык тармактарда аны кармоо маалындагы видео жарыяланган. Жактоочунун айтымында, видеодо Маркабаевдин чөнтөгүнө майдаланган нерсе оролгон зат салып жатышкан учур көрсөтүлөт.

Мындан тышкары КР башкы консулдугунун кызматкерлери кармалган жаран менен сүйлөшкөн. Маркабаев Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөн маалда базардын 20 пайызын коркутуу, кысым көрсөтүү менен тартып алыш үчүн ага чындап эле баңгизатын чөнтөгүнө сала коюшканын айткан.

Сүрөттө: Эрмек Маркабаев. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты