Казакстанда кыргызстандык ишкер камакка алынды

  • 1 год мурун

Кыргыз жараны, Казакстандын Алматы шаарындагы “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Эрмек Маркабаев кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Маалыматка ылайык, Маркабаев 2-июнда кармалган. Ариповдун айтымында, бул тууралуу консулдукка дароо маалымат түшкөн. Бөгөт чарасы сотто кечээ, 5-июнда каралып, ал эки айга камакта калтырылган. Учурда ага укуктук жардам берүү боюнча бардык аракет көрүлүүдө деп билдирген Арипов.

Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары жергиликтүү полицияга таянып Маркабаевди жана анын айдоочусу менен жансакчысын Алматы–Бишкек автожолунан 2-июнда кармашканын жазышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты