Эрмек Маркабаевдин укугун коргоо боюнча Акыйкатчы казакстандык кесиптештерине кайрылды

  • 8 месяцев мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кыргызстандык жарандын укугун коргоого көмөк көрсөтүүгө Казакстандагы кесиптештерине кайрылды.

Бул тууралуу КР Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин Акыйкатчы институтуна Эрмек Маркабаевдин Жылдыз аттуу жакыны кайрылып, ал бир тууганынын укугун коргоону жана аны Мекенге кайтарып келүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган

Белгилүү болгондой, Алматы шаарындагы ири «Алтын Ордо» базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаев 2023-жылы 2-июнда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Жактоочу берген маалыматка таянсак, Эрмек Маркабаевди Казакстандын мыйзамдарын  бузуу менен кармашкан.

Социалдык тармактарда аны кармоо маалындагы видео жарыяланган. Жактоочунун айтымында, видеодо Маркабаевдин чөнтөгүнө майдаланган нерсе оролгон зат салып жатышкан учур көрсөтүлөт.

Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Алматы шаарында кармалган Кыргызстандын жаранынын укугун коргоону камсыз кылууга чакырган билдирүү жөнөттү. ТИМ өз кезегинде алар тараптан укуктук жана консулдук жардам көрсөтүш үчүн чаралар кабыл алынып жатканын, ошондой эле дипломатиялык жактан тиешелүү ноталар жиберилгенин билдирди.

Мындан тышкары КР башкы консулдугунун кызматкерлери кармалган жаран менен сүйлөшүшкөн.   

Маркабаев Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөн маалда базардын 20 пайызын коркутуу, кысым көрсөтүү менен тартып алыш үчүн ага чындап эле баңгизатын чөнтөгүнө сала коюшканын айткан.

Акыйкатчы казакстандык кесиптешине 5-сентябрда расмий кат жөнөткөн, 8-сентябрда кат Казакстандын Акыйкатчы институтунун тиешелүү кызматкерлерине тапшырылган.

13-сентябрда Казакстандын Акыйкатчы институтунан өз ыйгарым укуктарынын чегинде алар Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына Кыргызстандын жараны  Эрмек Маркабаевдин укуктарын сактоо талабы менен кат жөнөтүшкөнүн маалымдашты.

Сүрөттө: Эрмек Маркабаев, Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты