Казакстанда шахтадагы кырсыкта каза болгондор 45ке жетти

  • 6 месяцев мурун

Казакстандын Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтада каза болгондордун саны 45ке жетти. Бул тууралуу «Хабар 24» телеканалы Авариялык-куткаруу кызматынын жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Геннадий Силинскийге шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматты өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да ырастап, учурда дагы бир киши изделип жатканын билдирди.

«Шахтадагы кээ бир жабдуулардын иштен чыгышы жана айрым жерлериндеги урандылар куткаруу иштерин оорлотууда» деди Силинский.

Караганды облусундагы Костенко шахтасында 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин «Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштаганын кабарлаган.

Шахтадагы жарылууга байланыштуу Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Президент Касым-Жомарт Токаев бул окуядан кийин Костенко шахтасын иштеткен «АрселорМитталТемиртау» компаниясы менен инвестициялык кызматташууну токтотуу тапшырмасын бергенин билдирген.

29-октябрда аталган компания билдирүү жарыялап, анда 2020-жылдан тартып ишканалардагы коопсуздук көрсөткүчтөрүн жакшыртууга басым жасала баштаганын белгилеген.

«Абалды турукташтыруу боюнча маанилүү аракеттерге карабастан, биз казак өкмөтү менен операциянын туруктуулугун камсыздай турган, алдыга жылчу жаңы жол табууну макулдаштык. Бир нече ай мурда биз «АрселорМиттал Темиртау» компаниясына болгон менчик укугун кайра өкмөткө берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Өткөн аптада, бул кырсыктын алдында биз принципиалдуу макулдашууга кол койгонбуз» деп жазылган билдирүүдө.

Өткөн жылы «АрселорМиттал Темиртаунун» ишканаларындагы окуялардан кийин Казакстандын өкмөтүнүн алдында Караганды көмүр бассейниндеги шахталардын жана металлургиялык комбинаттын «кожоюнун алмаштыруу» маселеси турганы айтыла баштаган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты