Казакстанда шахта жарылуусундагы курмандыктар 36 кишиге жетти  

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 29-октябрда, Казакстанда шахтадагы курмандыктарга байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланды.

Караганды облусунун Костенко атындагы шахтада, акыркы маалыматтар боюнча, 36 киши каза тапты, 10 киши изделип жатат. Ал эми 29 киши аман-эсен чыккан.

Кырсыктан кийин Казакстан бийлиги «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы менен кызматташтыкты токтотууну жарыялаган.  Аталган компания 1990-жылдардан бери бул шахтанын ээси болуп саналат.

Алдын ала маалымат боюнча, шахтадагы жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон.

Казакстандын Караганды облусундагы “АрселорМиттал Темиртау” компаниясына таандык Костенко көмүр шахтасында өрт чыгып, 21 киши каза тапканы кабарланган.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы тоо-кен же курулуш иштеринде коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчы Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Казакстан элине жана өлкө лидерине Казакстандын Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуудан улам адамдар курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты