Казакстанда көмүр шахтасында өрт чыгып, 21 адам набыт болду

  • 6 месяцев мурун
Казакстанда көмүр шахтасында өрт чыгып, 21 адам набыт болду

Казакстандын Караганды облусундагы «АрселорМиттал Темиртау» компаниясына таандык Костенко көмүр шахтасында өрт чыгып, 21 кенчи каза тапты. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта кырсык болгон учурда шахтада 252 кенчи болгону, алардын 208и сыртка чыгарылганы айтылат. Компания 21 кенчи набыт болгонун кабарлап, дагы 23 жумушчу шахтанын ичинде экенин билдирди.

«АрселорМиттал Темиртау» ишканасынын жетекчилиги шахтадагы өрт метан газы жарылгандан улам чыгышы ыктымал экенин айтууда.

Казакстандын президенди Касым-Жомарт Токаев окуядан кийин өкмөткө «АрселорМитталТемиртау» компаниясы менен кызматташууну токтотууну тапшырды.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы тоо-кен же курулуш иштеринде коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты