Казакстанда кыйраган учакты иликтөөгө Бразилиядан эксперттер келди

  • 2 месяца мурун

Чикаго конвенциясынын 13-тиркемесине ылайык, Бразилиядан Казакстандын Актау шаарына Embraer учак чыгаруучу заводдун атайын өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тергөө комиссиясы авиациялык окуя болгон жерге барып, алдыдагы иштерди аныктаган.

«Ошондой эле жакынкы күндөрү CENIPA (Авиациялык инциденттерди иликтөө жана алдын алуу борбору) өкүлдөрүнүн өлкөбүзгө (ред. Казакстанга) келиши күтүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.

Ал эми «Азаттык» медиасы «казакстандык эксперттер Azerbaijan Airlines компаниясынын учагы кулаган жерге жума күнү барып, “кара жашиктерин” текшере тургандыгын» жазды.

Эске салсак, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчүлөр учагы кулаган. Маалым болгондой учакта 5 экипаж мүчөсү, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жарандары болуп, бардыгы 67 жаран болгон. Алардын 38и каза тапты. Учактын ичиндеги кыргызстандык үч жаран тең аман калды.

Сүрөт: www.gov.kz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты